super.kg logo

Бишкекте жолдорго жана тротуарларга чачуу үчүн атайын туз салынган кутулар орнотулду

 

"Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери борбор калаанын жолдорунун унаа жүрүүчү бөлүгүнө жана тротуарларга туз себүү үчүн атайын кутучаларды даярдап орнотушту. Бул тууралуу бүгүн, 29-ноябрда мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жалпысынан шаар боюнча ушундай 77 кутуча орнотулган. Жолдорго чачуу үчүн кыш мезгилине 6 миң тонна туз даярдалган.

Шаарды санитардык тазалоо жана катуу таштандыларды чыгаруу үчүн линияда 622 тазалоочу, 200 жүктөгүч жана 98 атайын техника иштеп жатат.

Жолдун жээгиндеги карды тазалоого 35 атайын техника, 2 кар тазалоочу трактор, 4 универсалдуу техника жана жол тейлөө башкармалыгынын 40 кызматкери тартылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: