super.kg logo

Монополияга каршы кызмат "Тазалык" ишканасына эскертүү берди

 

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы "Тазалык" муниципалдык ишканасына эскертүү берди. Бул тууралуу бүгүн, 29-ноябрда аталган мекеменин басма сөз кызматынан кабарлады.

"Бишкек шаарынын аймагындагы таштандыларды өз убагында чыгаруу жана чогултуу иштери жүргүзүлбөгөндүгүнө байланыштуу көптөгөн ири көлөмдөгү тиричилик таштандылары топтолуп, экологиялык, санитардык ченемдер жана керектөөчүлөрдүн укуктары бузулуп жатат. Тактап айтканда, "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" мыйзамдын 4-беренеси, ага ылайык сатуучу (аткаруучу) керектөөчүгө сапаты жана саны келишимге ылайык келген товарды берүүгө (ишти аткарууга, кызмат көрсөтүүгө) милдеттүү.

Керектөөчүлөрдөн келип түшкөн даттануулардын, ошондой эле массалык маалымат каражаттарында жана интернет-сайттардагы терс сын-пикирлердин негизинде, кызмат тарабынан "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" мыйзамдын 49-беренесин жетекчиликке алуу менен, керектөөчүлөрдүн анык эмес чөйрөсүнүн укуктарын коргоо максатында, "Тазалык" муниципалдык ишканасынын дарегине аталган мыйзамды бузууну жоюу боюнча токтоосуз түрдө тийиштүү чараларды көрүү жөнүндө эскертме берилди", - айтылат билдирүүдө.

Акыркы убакта калаа тургундары шаардагы таштандылардын убагында алынбай жатканына нааразычылыгын билдирип, мэриянын жана "Тазалык" ишканасынын дарегине байма-бай сындар айтылып келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: