super.kg logo
  Саясат  

Президент Европа Биримдиги, Индия жана Япониянын элчилеринен ишеним грамоталарын кабыл алды

 

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 29-ноябрда Индия, Япония жана Европа Биримдигинин элчилеринен ишеним грамоталарын кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ишеним грамоталарын Индиянын элчиси Арун Кумар Чаттержи, Европа Биримдигинин өкүлчүлүгүнүн башчысы Мэрилин Йосефсон жана Япониянын элчиси Хидеки Года тапшырышты.

Садыр Жапаров элчилердин ар бири менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрүп, эки тараптуу мамилелердин ар кыл маселелерин талкуулады.

Ошондой эле саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты тереңдетүү, туризм, "жашыл" экономиканы киргизүү, энергетика, ошондой эле эки тарапты кызыктырган башка тармактарда кызматташууну өнүктүрүү боюнча пикир алмашуу болду.

Өз кезегинде элчилер жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, саясий, соода-экономикалык жана эки тарапты кызыктырган башка чөйрөлөрдө байланыштарды мындан ары өнүктүрүү үчүн мамилелерди жаңы деңгээлге көтөрүүгө даяр экендигин белгилешти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: