super.kg logo

УКМКнын Кара-Кулжа райондук бөлүмчөсүнө жаңы имарат курулду

 

УКМКнын Ош облустук башкы башкармалыгынын Кара-Кулжа райондук бөлүмчөсү жаңы имаратка көчтү. Бул тууралуу бүгүн, 29-ноябрда аталган мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, имараттын ачылыш аземине УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, атайын кызматтын жергиликтүү башкармалыгынын жетекчилик курамы жана өздүк курамы, УКМК ардагерлери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

"Камчыбек Ташиев кызматкерлерге жаңы имаратты тапшырып жатып, алардын кызматтык милдеттерин так аткарууга тийиш экендигин эскертти. Мындан ары дагы мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн зарыл болгон шарттарды жакшыртуу, заман талабына шайкеш келтирүү жумуштары уланаарын кошумчалады", - деп айтылат маалыматта.

Ачылуу аземинен соң Ташиев Кара-Кулжа районунун жашоочулары менен да жолугушуп, суроолорго жооп бергени кошумчаланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: