Кыргызстан-Монголиянын соода-экономикалык кызматташтыгы талкууланды
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Монголиянын айыл чарба жана жеңил өнөр жай министри Хаянгаа Болорчулуун менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.
Ага ылайык, жолугушуу Жапаровдун Японияга болгон жумушчу сапарынын алкагында орун алды.
Акылбек Жапаров Кыргызстан менен Монголиянын ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү зарылдыгын белгиледи.
Өз кезегинде Хаянгаа Болорчулуун монгол тараптын эки өлкө үчүн кызыкчылык туудурган багыттар боюнча эки тараптуу мамилелерди активдүү өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин билдирди.
Жыйынтыгында тараптар соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө эки тараптуу байланыштарды кеңейтүүгө жана арттырууга багытталган бир катар маселелерди иштеп чыгуу тууралуу макулдашты.

