super.kg logo

Садыр Жапаров Элдик курултайдын Аксакалдар кеңешинин мүчөлөрү менен жолугушту

 

Президент Садыр Жапаров Биринчи элдик курултайдын Аксакалдар кеңешинин мүчөлөрү менен жолугушту. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууга Элдик курултайды өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин жетекчиси – мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов жана президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги Айбек Жунушалиев катышты.

Жапаров эл менен бийликтин ортосундагы мамиле бекемделип, эриш-аркак ынтымакта иш алпарууга дагы бир кадам жасалгандыгын баса белгиледи.

"Садыр Жапаров эл ичинен шайланып келген делегаттар көйгөйлүү маселелерди, аларды чечүүнүн жолдорун өлкөнүн бийлик бутактарынын жогорку жетекчилеринин алдында ачык айтышканын ырастады. Бул Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экендигин, өлкө демократиялык туура жолдо баратканын айгинелеп турат.

Мамлекет башчысы Курултай институтунун эң башкы артыкчылыгы - улуттук деңгээлдеги биримдикке жол чапкандыгында деп белгиледи.

Жапаров бүгүнкү күндө “Элдик Курултай жөнүндө” мыйзам долбоорун андан ары жылдыруу маселеси тургандыгын баса белгиледи.

Аксакалдар президентке алдыдагы пландар, тактап айтканда, алар иштейбиз, деп көздөп жаткан жети багыт тууралуу маалымат беришти.

Аксакалдар кеңешинин мүчөлөрү биринчи кезекте көңүл бурула турган маанилүү темаларды дагы бир жолу белгилешти, тактап айтканда, заводдорду жана ГЭС куруу, чет өлкөдөгү мигранттарды өлкөгө кайтаруу, генофонд жана энелик капитал жөнүндө мыйзамдарды иштеп чыгуу ж.б. компоненттерди камтыган 2050-жылга чейинки Өнүктүрүү программасын түзүүнү сунуштады", - деп жазылат маалыматта.

Жолугушуунун жыйынтыгында катышуучулар элдин турмушун жакшыртуу жана мамлекетти өнүктүрүү үчүн өлкөнүн экономикалык потенциалын жогорулатуу зарылчылыгы боюнча бирдиктүү пикирге келишти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: