super.kg logo

Жамал Сейдакматованын бейитине эстелиги орнотулду

 

Бүгүн, 30-ноябрда Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Жамал Сейдакматованын бейитине анын эстелиги орнотулду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой эстеликтин ачылышына маданият министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу, президенттин Ысык-Көлдөгү өкүлү Ильяз Иманбетов, Жогорку Кеңештин депутаты Гүлкан Молдобекова, Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору Кайрат Иманалиев, белгилүү коомдук-маданий ишмерлер жана туугандары катышты.

Эстеликтин ачылышында Кыргыз керемети аталган кыргыз кинолорунда бир катар ролдорду зор чеберчилик менен аткарып, кыргыз кино жаатын өнүктүрүүгө кошкон салымы, бүтүндөй өмүрүн театрга арнаган өрнөктүү өмүрү эскерилди.

Жамал Сейдакматова 1939-жылдын 21-сентябрында Ысык-Көл районунун Темир айылында туулган. 1957-жылы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрына кабыл алынган. Ошол күндөн өмүрүнүн акырына чейин улуу актриса катары талыкпай эмгек кылуунун үлгүсүн көрсөтүп келди.

Кыргыз сахнасында Катаринанын, Дездемонанын, Найман эненин, Кишимжандын жана башка каармандардын мыкты образдарын жаратканы менен элдин эсинде калды.

Эскерте кетсек, бүгүн, 30-ноябрда саат 18:00дө Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрында актрисаны эскерүү кечеси өтөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: