super.kg logo

Акылбек Жапаров Япониянын эл аралык кызматташтык банкынын жетекчиси менен жолугушту

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Японияга болгон иш сапарынын алкагында Япониянын эл аралык кызматташтык банкынын (Japan Bank for International Cooperation, JBIC) башкаруучусу Нобумицу Хаяси менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 30-ноябрда өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Акылбек Жапаров Кыргызстан Япония менен бардык багыттар боюнча өнөктөштүктү мындан ары да чыңдоого, анын ичинде Япониянын эл аралык кызматташтык банкы сыяктуу абройлуу каржы институттарын тартууга позитивдүү ниетте экенин баса белгиледи. Ошондой эле азыркы дүйнөлүк экономикалык кырдаалды, көптөгөн энергия булактарынын тартыштыгын жана кымбаттыгын эске алуу менен салттуу булактарга салыштырмалуу энергиянын кайра жаралуучу булактары көбүрөөк орун алып жатканын белгиледи.

Нобумицу Хаяси каржы институту Кыргызстан менен өз ара пайдалуу кызматташууга даяр экенин белгиледи. Ошондой эле ал энергетика жана азык-түлүк бааларынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандагы макроэкономикалык кырдаалды турукташтырууга мүмкүндүк берген министрлер кабинетинин аракеттерин колдоорун билдирди.

Кошумчалай кетсек, Япон эл аралык кызматташтык банкы Япония өкмөтүнө тиешелүү. Финансылык мекеменин негизги максаты - чет өлкөлүк инвестиция үчүн ресурстар менен камсыз кылуу жана эл аралык сооданы өнүктүрүү аркылуу Япония менен чет мамлекеттердин ортосундагы экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү. Банк Япониянын экспортун жана импортун, өлкөнүн чет өлкөлөрдөгү ишмердүүлүгүн өнүктүрүүдө да маанилүү роль ойнойт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: