super.kg logo

УКМК депутаттын үйүнөн үн жаздыруучу аппараттар табылды деген маалымат боюнча текшерүү жүргүздү

 

Депутат Жанар Акаевдин Эмил Жамгырчиевдин үйүнөн аудио-видео жазуу жабдыктары табылды деген сөзүнөн кийин УКМК текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу атайын кызматтан билдирүү таратышты.

Билдирмеге ылайык, Жанар Акаевде депутат Жамгырчиевдин үйүнөн жана унаасынан аудио-видео жазуу жабдыктары качан табылганы тууралуу маалыматы жоктугу аныкталган.

"Ал жеке өзү сөз болуп жаткан техниканы көргөн эмес. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жамгырчиевдин жардамчысы Э.Кадыровдон укканын айткан.

Өз кезегинде депутат Жамгырчиевдин жардамчысы Э.Кадыров бул маалыматты телефон аркылуу Э.Жамгырчиевден алган. Учурда Жамгырчиевдин жүргөн жери белгисиз.

Ошону менен бирге УКМК аудио-видео жазуу жабдууларынын табылышы боюнча, бул атайын жабдууларды орнотуунун себебин жана ким тарабынан коюлганын аныктоо үчүн, ошондой эле депутат Жамгырчиевдин таламдарын коргоо үчүн текшерүү жүргүзүүгө даяр", - деп айтылат маалыматта.

Белгилеп өтсөк, эл өкүлү Жанар Акаев депутат Эмил Жамгырчиевдин үйүнөн жана унаасынан үн жана видео жаздыруучу аппараттар табылганын 30-ноябрдагы парламенттин кезектеги жыйынында айткан болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: