super.kg logo

Жалал-Абадда жаңы абак курула баштады

 

Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун Таш-Булак айылына жакын жерде 200 орундуу 4 кабаттуу СИЗОнун курулушу башталды. Бул жөнүндө Жаза аткаруу кызматынан кабарлашты.

Имаратка капсула салуу иш-чарасына ЖАКнын төрагасы Аскат Эгембердиев, жергиликтүү бийлик органдарынын жана Жаза аткаруу тутумунун ардагерлеринин өкүлдөрү катышты.

"Мындан тышкары Базар-Коргон районундагы Бай-Мундуз айылынан анча алыс эмес жердеги 8,5 гектар жерде дагы башкармалыктын өздүк каражаты менен иштер кызуу жүрүп жатат. Анда №10 түзөтүү мекемесинин 1500 орунга ылайыкталган заманбап имараты курулат. Жаңы курулган имарат талапка ылайык болот.

Жалал-Абад шаарындагы түзөтүү мекемеси калаа четине көчүрүү иштери жүрүп жатат", - деп кошумчалашты мекемеден.

Маалымат үчүн: Бишкектеги №47 түзөтүү мекемеси жоюлуп, шаар четине көчүрүлгөн. Ошондой эле шаарлардан бир катар эскирген түзөтүү мекемелерин чыгаруу каралган. Анын ордуна жаза аткаруу тутумунун коопсуздук стандарттарына да, соттолгондор үчүн гумандаштыруу талаптарына да жооп берген заманбап объекттер пайда болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: