super.kg logo

Садыр Жапаров Куран окуу боюнча эл аралык сынактын жеңүүчүсүн кабыл алды

 

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 1-декабрда Куран окуу боюнча эл аралык сынактын жеңүүчүсү Мухамадали Умаров менен жолукту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан маалымдады.

Ага ылайык, мамлекет башчысы Куран окуу боюнча эл аралык сынактын жеңүүчүсүн куттуктап, бул ийгилик Кыргызстан элинин жалпы жетишкендиги жана сыймыгы экендигин белгиледи.

Садыр Жапаров мындай жетишкендик, өлкөдөгү дин тутуу эркиндигинин көрсөткүчү жана мамлекеттин диний маселелерде туура саясат жүргүзүп жаткандыгынын натыйжасы экенин кошумчалады.

"Мамлекет башчысы Мухамадали Умаровго бекем ден соолук жана ийгиликтерди каалап, ал мындан ары мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошуу менен жаштар үчүн үлгү болоруна ишенерин билдирди. Ошондой эле Мухамадали Умаровдун мугалими Марат Эркуловго шакиртинин эл аралык сынакта жеңишке жетишине зор салым кошкону жана татыктуу билим бергени үчүн ыраазычылык билдирди", - деп айтылат маалыматта.

Ал эми Куран окуу боюнча жеңүүчү Мухамадали Умаров жана анын устаты Марат Эркулов, Сауд Арабияда өткөрүлгөн сынакка дүйнөнүн 111 өлкөсүнөн 153 адам катышканын айтты.

Марат Эркулов мындай эл аралык сынак 42-ирет өтүп жатканын жана катышуучулар Куран окуу менен гана чектелбестен, окулган сүрөөлөрдүн маанисин дагы билүүсү зарыл болгондугун кошумчалады.

Үч ай даярданган 24 жаштагы кыргызстандык катышуучу, ыйык Куран китебинин 600 барагын жаттап, Сауд Арабия, Бахрейн жана башка бир катар мусулман өлкөлөрүнөн келген катышуучулардын арасынан эң мыкты деп табылган.

Жолугушуунун соңунда Садыр Жапаров Мухамадали Умаровго эң байыркы 400 жылдык тарыхы бар Курандын көчүрмөсүн тапшырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
01.12.2022. 22:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Квартира берсе болмок
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: