super.kg logo

Эне тилге эки мүнөт: "Түлкү тиштемей", "жылан төө кылуу" фразеологизмдеринин маанисин билесизби?

 

"Эне тилге эки мүнөт" рубрикабызда "каны катуу", "жылан төө кылуу", "бармак басым", "өлбөгөн төрт шыйрагы калуу" жана "түлкү тиштемей" фразеологизмдеринин маанилерин чечмелейбиз.

Каны катуу - Тили оозуна батпай абдан суусоо, чаңкоо. Мисалы, Ошол калың топтун ичинде туруп, кайдагы суу. Каның катып калса да чыдайсың (Айтматов).

Жылан төө кылуу - Барктануу, баалануу, маалкатуу, кербезденүү деген мааниде колдонулат. Мисалы, Мынча эмне жылыңды төө кыласың?

Бармак басым - Кичинекей, кенедей, бармактын ордундай. Мисалы, Оң далынын үстүнөн бармак басым жери ооруп турганын айтты («Ала-Тоо»).

Өлбөгөн төрт шыйрагы калуу - Абдан катуу уят болуу, жети өмүрү жерге кирүү, уялганынан баш көтөрө албай калуу. Мисалы, Борбук молдонун өлбөгөн төрт шыйрагы калды белем, бир кызарып, бир бозоруп, күрөө тамыры да көбө түшту (Баялинов).

Түлкү тиштемей - Түрдүүчө амал менен алдаган деген мааниде. Мисалы, Эми мага түшүнүктүү. ...Баятан бери түлкү тиштемей ойногонуңуз үчүн ыракмат! - деп ордуман турдум (Жантөшев).


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
03.12.2022. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айжанар азаматсын издене бер
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: