super.kg logo

Түркмөнстандын президенти ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Султан Раевди кабыл алды

 

Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Султан Раевди кабыл алды. Бул тууралуу ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунан билдиришти.

Жолугушууда Түркмөнстан менен эл аралык ТҮРКСОЙ уюмунун маданий-гуманитардык байланышын күчөтүү, маданий алаканы активдештирүү, маданий багыттагы долбоорлорду жандандыруу маселелеринин алкагында эки тараптуу сүйлөшүүлөр болду.

Президент Сердар Бердымухамедов Түркмөнстан түрк дүйнөсүнүн маданий интеграциялык процессине активдүү катышарын, ошондой эле маданий кызматташууну күчөтөрүн билдирди.

Тараптар быйылкы жыл ТҮРКСОЙ эл аралык уюму үчүн маданий бурулуштун жана маданий жандануунун жылы болгондугун эске салышты.

"ТҮРКСОЙ эл аралык уюмуна Өзбекстан толук кандуу мүчө болуп кирди. Ал тууралуу Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев Самаркандда өткөн Түрк мамлекеттеринин башчыларынын саммитинде расмий жарыялаган. Бул да Өзбекстан менен системалуу алып барган ишибиздин жыйынтыгы. Түркмөнстан да маданий интеграция процессинде ушундай позицияда экендигин баса белгиледи", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, 2024-жыл улуу акын жана философ Махтумкули Фрагинин 300 жылдыгына карата түрк дүйнөсүндө Махтумкули жылы деп жарыяланды. Ал эми 2024-жылы Түркмөнстандын байыркы Аннау шаары Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору статусуна ээ болот. Бул багытта бир нече долбоорлор ишке ашат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: