super.kg logo

Нурланбек Шакиев Сокулуктагы реабилитациялык борборго барды

 

Бүгүн, 2-декабрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Сокулуктагы майыптыгы бар жарандар үчүн реабилитациялык борборго барып, социалдык мекеменин ишин жана муктаждыктарын жеринде көрдү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты Карим Ханджеза жана эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышты.

"Анда Нурланбек Шакиев жыл сайын 3-декабрда белгиленүүчү Эл аралык майыптар күнүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга карата мамлекеттик саясаттын негизги принциптери тууралуу сөз кылып, майыптардын укуктарын сактоо, социалдык жактан коргоо жана башка кепилдиктерди камсыздоо боюнча көрүлүп жаткан негизги чараларга токтолду.

Реабилитациялык борбор менен таанышуу учурунда төрага балдардын колунан жаралган буюмдардын кол өнөрчүлүгүнүн көргөзмөсү менен таанышып, борборго өзүнүн резервдик фондусунан 200 миң сом суммасында бир кир жуугуч, эки кургатуучу машинаны, кир жуучу жана гигиена каражаттарын, ошондой эле балдар үчүн атайын белектерди тапшырды", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, майыптыгы бар жарандар үчүн реабилитациялоо борбору Сокулук районунун Ичке-Суу (Маловодный) айылында жайгашкан. Мекеме 2014-жылдын 27-январында түзүлгөн. Бул жерде 4 жаштан 18 жашка чейинки 76 бала (32 кыз балдар, 44 уул бала) тарбияланууда. Бул жердегилерге такай жана убактылуу социалдык медициналык, социалдык педогогикалык жана психологиялык жардамдар көрсөтүлүп турат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: