super.kg logo

Садыр Жапаров Лаостун президентин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

 

Президент Садыр Жапаров Лаос Элдик Демократиялык Республикасынын президенти Тхонглун Сисулитти Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Сизди жана лаос элин Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Лаос Элдик Демократиялык Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктайм.

Достукка жана кызматташтыкка негизделген Кыргызстан менен Лаостун ортосундагы мамилелер биргелешкен аракеттерибиз менен эки өлкөнүн элдеринин жыргалчылыгы үчүн мындан ары да бекемделе берет деп терең ишенем.

Сизге чың ден соолук жана жооптуу мамлекеттик ишиңизге ийгиликтерди, ал эми Лаос Элдик Демократиялык Республикасынын элине бакубаттык жана өнүгүү каалайм",- деп айтылат мамлекет башчысынын катында.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: