Эки министрликте каржылык мыйзам бузуулар аныкталды

Маалыматка ылайык, бүгүн Эсептөө палатасынын кеңешинин кезектеги жыйыны болуп, ага кеңештин мүчөлөрү, аппараттын кызматкерлери жана аудит өткөрүлгөн объектилердин жетекчилери катышкан.
Анда күн тартибиндеги башка маселелер менен катар эле аталган эки министрликти текшерүүнүн жыйынтыгы тууралуу маселе каралган.
"Саламаттык сактоо министрлигинен аудиторлор 29 215 600 сомдук каржылык мыйзам бузууларды аныктаса, анын 17 350 800 сому калыбына келтирилүүгө тийиш болчу, текшерүүнүн жүрүшүндө 875 100 сом өндүрүлгөн. Ошондой эле 11 099 100 сом эмгек акынын негизсиз төлөнүшү, 1 163 400 сомдук материалдык баалуулуктарды жана каражаттарды эсептен чыгаруу катталган. Командировкаларга ашыкча каржылык чыгымдардын көлөмү 100 800 сомду түздү. 3 314 300 сомдук дебитордук карызды жаап-жашыруу аныкталган. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча 13 007 200 сом суммасында резервдер жана бюджеттик жоготуулар аныкталган. Рационалдуу эмес пайдаланылган каражаттардын суммасы 22 795 800 сомду түзгөн", - деп айтылат маалыматта.
Ал эми Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде жүргүзүлгөн аудит майыптык коляскаларды сатып алууда мыйзам бузууларды аныктаган. Майыптар коляскасына чукул муктаждык болгонуна карабай, министрлик аларды түздөн-түз өндүрүүчүлөрдөн сатып албагандыгын, бааларга көзөмөл жүргүзүлбөгөндүгүн билдирди.
"Майыптык коляскалар бюджеттик каражаттардын эсебинен коммерциялык ортомчу түзүмдөрдөн сатып алынган. Талдоо көрсөткөндөй, алардын баасы ортомчулар аркылуу өтүп, өндүрүүчүлөрдөн сатып алуучу уюмдун колуна чейин бир топ жогорулайт. Ашыкча сарптоо 1 617 000 сомду түздү. Мындан сырткары майыптыгы бар жарандарга санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомо сатып алууда да мыйзам бузууларды аныкталды. Аларга жолдомо сатып алуу үчүн пайдаланылбаган бюджеттик каражаттардын суммасы 34 150 700 сомду түздү. Бул каражатка дагы 2529 жолдомо сатып алууга мүмкүн эле", - деп айтылат билдирүүдө.
Бул мыйзам бузуулар боюнча маалымат тиешелүү органдарга жөнөтүлөрү кошумчаланды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:46
2025-07-15

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Kuban-1207

02.12.2022. 23:12
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушинтип эле жейт тура эшектер
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.