super.kg logo

Манасчы Исаковдун Гиннесс сертификаты Улуттук тарых музейине тапшырылды

 
Кечээ, 2-декабрда Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Рысбай Исаковдун дүйнөлүк "Гиннесстин рекорддор китебине" катталгандыгы тууралуу күбөлүгүн Улуттук тарых музейине расмий тапшыруу аземи өттү.
Иш-чаранын жүрүшүндө маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов манасчы Рысбай Исаковдун жараткан ийгилиги менен дагы бир ирет куттуктап, манасчыга бекем ден соолук, чыгармачылык ийгиликтерди каалады.
Ошондой эле министр Улуттук “Манас” театры ачылгандан бери театрдын уюштуруусу менен маданият тармагына тиешелүү бир топ жакшы иштер аткарылып жатканын баса белгилеп, аталган театрдын директору Азиз Биймырза уулуна жана театрдын эмгек жамаатына ыраазычылык билдирди.
Эске салсак, буга чейин Рысбай Исаков Түркиянын Бурса шаарында өткөн “Манас" жумалына катышып, манас айтуучулук багыты боюнча дүйнөлүк Гиннестин рекорддор китебине 124 саат убакытка көркөм окуу боюнча катталган.
1-декабрь күнү манасчы Рысбай Исаковду президент Садыр Жапаров кабыл алып, Гиннестин рекорддор китебине расмий кириши менен куттуктаган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: