super.kg logo

Акылбек Жапаров араб инвесторлорунун делегациясын кабыл алды

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Аль Саех Групп" (Al Sayegh Group) ири корпорациялардын биринин башчысы Абдул Джаббар Аль Сайехараб жетектеген араб инвесторлорунун делегациясын кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар көп тармактуу кызматташуунун, анын ичинде тоо-кен жана энергетика, айыл чарба жана банк тармагында кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Министрлер кабинетинин төрагасы белгилегендей, Кыргыз Республикасы өлкө экономикасына дүйнөлүк деңгээлдеги инвестициялык компанияларды тартууга кызыкдар.

"Кыргыз тарап ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн бардык зарыл шарттарды түзүүгө даяр" (ачкычка чейин тапшыруу) – деди министрлер кабинетинин башчысы.

Өз кезегинде араб делегациясынын мүчөлөрү өз ара кызыкчылык туудурган бардык чөйрөлөрдө долбоорлорду ишке ашырууну баштоого даяр экендиктерин билдиришип, инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгү бар багыттарды сунушташты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: