super.kg logo

Чүй облусунун жана Бишкектин айрым көчөлөрү 8-10-декабрь күндөрү убактылуу жабылат (Тизме)

 

Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын борбордук көчөлөрү 8-10-декабрь күндөрү убактылуу жабылат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындай чектөөлөр Бишкекте өтө турган Евразиялык экономикалык биримдиктин саммитине байланыштуу киргизилип жатат.

Чүй облусунда жана Бишкек шаарында чектөөлөр киргизиле турчу көчөлөр:

- "Манас" аэропортунан Чүй проспектисине чейинки трасса;

- Чүй проспектиси Фучик көчөсүнөн тартып, Манас көчөсүнө чейинки бөлүгү;

- Манас жана Чыңгыз Айтматов проспектилери Чүй проспектинен тартып, мамлекеттик резиденцияга чейинки бөлүгү;

- Мамлекеттик резиденциядан Дооронбек Садырбаев көчөсү менен Ата-Бейит мемориалдык комплексине чейин.

ЖКККББ убактылуу чектөөлөргө түшүнүү менен кабыл алууга чакырып, айдоочулар жана жүргүнчүлөргө маршруттук каттамдарын алдын ала пландоону сунуштайт.

Белгилей кетсек, ЕАЭБдин мамлекет башчыларынын саммити 9-декабрь күнү Бишкекте өтөт. Уюмга быйыл Кыргызстан төрагалык кылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: