super.kg logo

Бүгүн Садыр Жапаров 54 жашка толду

 

Бүгүн, 6-декабрь өлкө башчы Садыр Жапаровдун туулган күнү. Ал 54 жашка чыкты.

Садыр Жапаров 1968-жылы 6-декабрда Ысык-Көлдүн Түп районуна караштуу Кең-Суу айылында туулган. Эки жогорку билими бар. 1987-1989-жылдары Аскер кызматын өтөгөн.

1986-жылы орто мектепти аяктап, ошол эле жылы Фрунзе шаарындагы Дене тарбия жогорку окуу жайына өткөн. 1987-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылып, 1989-жылга чейин Новосибирск шаарында радиотелеграфисттер бөлүмүнүн командири болуп кызмат өтөгөн. "Советтик Армиянын отличниги" деген наам алган. 1989-жылдан 1992-жылга чейин кайрадан Дене тарбия институтунда билим алуусун уланткан.

Экинчи жогорку билимин, Кыргыз-Орус Славян университетинде алып, аталган университеттин юридикалык факультетин аяктаган. 1991-1994-жылдары дыйкан чарбанын жетекчиси болуп эмгектенген. 1994-1996-жылдары Каракол шаарында жайгашкан “Керкей” ишканасынын башчысы. 1996-2001-жылдары “Гузель” ишканасынын башкы директору. 2001-2005 жылдары Балыкчы шаарында жайгашкан “Нурнефтегаз” нефтини кайра иштетүүчү кичи заводун куруп, ал ишканада башкы директор кызматын аркалаган.

Садыр Жапаров чоң саясатка 2005-жылы “Жоогазын” революциясынан кийин аралашкан. 2005-жылы март айында Жогорку Кеңештин III чакырылышынын депутаты болуп өзү туулуп-өскөн Түп районунан шайланган. 2006-жылы мамлекеттик сыйлыктарды берүү боюнча комиссиянын мүчөсү, 2007-жылы Ырайым берүү комиссиясынын төрагасынын орун басары болуп иштеген.

2007-жылы 22-октябрда президент Курманбек Бакиевдин буйругу менен парламент тарап, Садыр Жапаров депутаттык ишмердүүлүгүн токтоткон. 2008-2010-жылдары Коррупцияга каршы күрөш боюнча Улуттук агенттикте комиссар болуп эмгектенет.

2010-жылдын күзүндө парламенттик шайлоодо “Ата Журт” партиясынан депутат болуп шайланып, соттук-укуктук реформалар боюнча комитет төрагалыгына бекитилет.

2012-жылдын күз айында өткөн митинг үчүн Камчыбек Ташиев жана Садыр Жапаровго Кылмыш-жаза кодексинин 295-беренеси (Бийликти күч менен басып алууга аракет көрүү) боюнча айыпталышып, иш козголгон соң бир жыл жана алты айга эркинен ажырайт. Бирок, 2013-жылы март айында Бишкек шаардык соту тарабынан акталып, сот залынан бошотулат.

2013-жылы 27-июнда Каракол шаарында “Кумтөр” маселеси боюнча митинг чыгып, ошол кездеги Ысык-Көл облусунун губернатору Эмилбек Каптагаев барымтага алынат. Бул иш боюнча Кубанычбек Кадыровду жана митингдин уюштуруучуларынын айрымдарына иш козголуп, Садыр Жапаров өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Кийинчерээк Ысык-Көл облусунун губернатору Эмилбек Каптагаев бул ишке Садыр Жапаровдун күнөөсү жок экенин билдирген. Садыр Жапаров төрт жыл бою Польша мамлекетинде жашап, 2017-жылы Кыргызстанга кайтууга даярданып жатканын интернет аркылуу билдирет. 2017-жылдын 25-март күнү кыргыз-казак чек арасынан Садыр Жапаров түз эле УКМКнын абагына жеткирилип, “массалык башаламандык уюштурган жана бийлик өкүлдөрүн (Эмилбек Каптагаевди) барымтага алган” - деп 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган.

2017-жылы сентябрда саясатчынын атасы Нуркожо Мустали уулу каза болуп, Садыр Жапаров топурак сала албай калган. 2019-жылы мартта апасы Кадича Жапарова көз жумса, август айында уулу Дастан жол кырсыгына кабылып мерт болгон. Апасы менен уулуна топурак салууга уруксат берилген.

2020-жылы 6-октябрда митингге чыккан эл тарабынан абактан бошотулуп, премьер-министрликке көрсөтүлгөн.

14-октябрда премьер-министр болуп бекиди, 15-октябрда президенттин милдетин аткаруучу болду. Декабрь айында кызматын Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовго өткөрүп берип, январда өтүүчү президенттик шайлоого талапкер катары аттанган.

2021-жылы 10-январда шайлоодо жеңип чыгып, 28-январда расмий түрдө ант берип, президенттик ишине киришкен.

Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы. Жубайы Айгүл Жапарова, уулдары Дастан, Рустам, Нурдөөлөт жана кызы Жанайым.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
06.12.2022. 12:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Көп жаша бар болуңуз Мусульман бир тууганым
07.12.2022. 08:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Allah Akbar, кошоматчы жугундукорлор.....
06.12.2022. 13:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Иштериңизге ийгилик. Кудай узун өмүр берсин!!!
07.12.2022. 08:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бул Содиржонунардын тукуму курут болсун. Алла Таалам мындай чыккынчы, мындай саткын, эл душманын туболук тозок отунда кармасын. Ооомин
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: