super.kg logo

Кыргыз жаштары Сеулда лидерлик программага катышууда

 

Бүгүн, 6-декабрда Түштүк Кореянын Сеул шаарында "Азия кайрымдуулук борбору" эл аралык уюму тарабынан уюштурулган 8-Дүйнөлүк лидердик жаштар программасы (8th Youth Global Leadership program) өтүүдө.

Ага маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Союзбек Надырбеков, Азия кайрымдуулук борборунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Майсалбек Курбаналиев баш болгон Кыргызстандын делегациясы катышууда.

Иш-чара Азия кайрымдуулук борбору (Asia charitу center) тарабынан уюштурулган. Ага Монголия, Таиланд, Филиппин, Индонезия, Грузия жана Кыргыз өлкөсүнөн келген жаштар катышып жатат.

Иш-чара 5 күнгө созулат. Анда Азиянын ар кайсы бурчунан келген жаштарга спикерлер лидерлик сапат, Корея тарыхы, өнүгүү процесси, бизнес боюнча лекцияларды өтүүдө. Ошондой эле программада тажрыйба алмашуу, делегациялар өз өлкөсүнүн маданиятын тааныштыруу дагы каралган.

Маалымат үчүн: Азия кайрымдуулук борбору (ASIA CHARITY CENTER) билим берүү жана кайрымдуулук боюнча эл аралык фонд болуп саналат.

Уюмдун негизги максаты: Балдарга жана студенттерге билимди өздөштүрүү жана лидерликти өнүктүрүү жаатында өз потенциалын ишке ашырууга көмөк көрсөтүү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: