super.kg logo

Касым-Жомарт Токаев президент Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады

 

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн, 6-декабрда өлкө башчы Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлады.

"Заманбап Кыргызстандын саясий жана социалдык-экономикалык чөйрөлөрдөгү ийгиликтери, өлкөнүн эл аралык аренадагы аброюнун өсүшү - сиздин мекенге болгон ак ниет кызматыңыздын, мамлекет башчысы катары алысты көрө билген конструктивдүү саясатыңыздын натыйжасы.

Сиздин демилгелериңизди жана реформаларыңызды ийгиликтүү ишке ашыруу мындан ары да кыргыз элинин туруктуу өсүшүнүн, бакубаттуулугунун жана гүлдөп-өнүгүшүнүн кепилдиги болуп кызмат кыла берерине ишенем.

Мен биздин достугубузду жана биздин мамлекеттер менен элдерибиздин ортосундагы достукту, ынак коңшулаштыкты жана көп кырдуу кызматташтыкты чыңдоого кошкон сиздин жеке салымыңызды жогору баалайм. Сизге боордош Кыргызстандын элинин жыргалчылыгы үчүн жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүңүздө чоң ийгиликтерди каалайм", - деп айтылат Казакстандын президентинин куттуктоосунда.

Белгилей кетсек, мамлекет башчысы бүгүн 54 жашка толду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: