super.kg logo

"Манас" айтып үйлүү болсомбу" деген Шайыр Касымалиеванын видеосу талкуу жаратууда

 

“Манасчылар “манас” айтып батирлүү болушуптур. Мен дагы “манас” айтып үйлүү болсомбу" деген Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, актриса Шайыр Касымалиеванын видеосу тарап, талкууга алынды.

“Мен интернеттен бир жаңылыкты угуп алып аябай таң калып жатам. Манасчылар “манас” айтып батирлүү болушуптур. А мен болсо 30 жылдан ашуун театрда эмгек кылып, эми пенсияга чыгып, ай сайын элдин көйгөйүн чагылдырып, ошол көйгөйдөн кантип чыгып кетиш керек деген негизде сценарий жазып, андан тышкары актердук чеберчилиги жагынан өсүп-өнүп, өнөрүн элге тартуулагысы келген окуучуларды тарбиялап, эмгектенип жүрүп дагы ушул кезге чейин батирим жок. А манасчылар болсо “манас” айтып эки бөлмөлүү батирлүү болушуптур. Мен ойлонуп жатам. Быйылдан тартып, кийинки жылга чейин “манас” айтууну үйрөнүп, эмдиги жылы “манас” айтып үйлүү болсомбу деп”,- деп айтылат видеодо.

Белгилей кетсек, Шайыр Касымалиева ушул жылдын октябрь айында театр менен коштошкон.






Шайыр Касымалиева: “Манас” айтып үйлүү болсомбу дейт

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
19.12.2022. 19:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура бул эжени даагы колдоп койушубуз керек! Жанагы манасчыга караганда!
23.12.2022. 11:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кантип эле үйү жок. Ушу күнгө чейин квартиралап жашап иштеп келиптирби. Кызын бирөөнүн квартирасынан күйөөгө узатыптврбы. Башкасын коюп квартира алганга шашабыз го. Эмне үшул күнгө чейинки тапканынын баарын талаага чачып келиптирби, үнөмдөштү да билиш керек го. Догурунганды коюңуз, сизге бул сөздөрүңүз жарашпайт, баркыңызды кетирип алдыңызбы дейм да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: