super.kg logo

MEGA-жаңылык: MegaCom өз ребрендинги жөнүндө жарыялады

 

Кыргызстандыктарга 16 жылдан ашуун мезгилден бери сапаттуу байланыш кызматтарын көрсөтүп келе жаткан MegaCom компаниясы масштабдуу ребрендинг тууралуу маалымдады. Эми мамлекеттик уюлдук байланыш оператору MEGA деп аталмакчы.

Мындай чечим компания тарабынан коомдук пикирге жүргүзүлгөн изилдөөсүнүн жыйынтыгына жараша кабыл алынды. Муну өнүгүүнүн жаңы этабына өтүүгө умтулуу катары баалоого болот. Ребрендинг иштери аягына чыгарылгандан кийин компаниянын кызматтары MEGA экосистемасына бириктирилет. Жаңы товардык белги учурдагы жана потенциалдуу абоненттердин арасында кеңири жайылып, бренддин мындан да таанымал болуусуна өбөлгө түзөт.

«MegaCom компаниясынын ребрендинги жана товардык белгисинин MEGA болуп аталышы компанияда 2023-жылга пландаштырылган ири өзгөртүүлөрдүн башталышы десек туура болчудай, – деп белгилейт «Альфа Телеком» ЖАКтын башкы директору Нурлан Мамытов. – Бул – ишкананы оптимизациялоого, санариптик өнүгүүнүн жаңы деңгээлине чыгууга, кардар таламдуулукту жана абоненттер менен болгон алаканын ачык-айкындыгын жогорулатууга багытталган кадам. Ребрендинг аркылуу биз компанияда болуп жаткан олуттуу өзгөрүүлөрдү чагылдыргыбыз келет».

MEGA компаниясы MegaCom тарыхынын жаңы барактарын ачуу менен, келечектеги жетишкендиктердин бекем пайдубалын түптөп, ишенимдүү өнүгүүгө чыйыр салат.

«Биз абоненттерибизге жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачуу аракетиндебиз, кыргызстандыктардын жашоосуна ыңгайлуу шарт түзүүчү мобилдүү жана сапаттуу инновациялык өнүмдөрдү, актуалдуу санариптик кызмат көрсөтүүлөрдү жана байланыш кызматтарын сунуштайбыз, – деди өз сөзүндө Нурлан Мамытов. – MEGA компаниясы абоненттерибиздин мүдөөлөрүнө төп келип, Кыргызстандагы уюлдук байланыш операторлорунун рыногундагы алдыңкы позициясын мындан да ишенимдүү бекемдөөнү пландап жатат».

MegaCom компаниясынын ребрендинги бир нече этапты басып өтөт. Алгач компаниянын аталышын ылдамдыкты, мобилдүүлүктү жана ыңгайлуулукту чагылдырган MEGA аталышына өзгөртүү, андан соң ураанын жана логотибин жаңылоо милдеттери турат. Жаңы логотип оператордун көпчүлүккө таанымал болуп калган жана ийине жеткире иштелип чыккан фирмалык түстөрүн өз ичине камтыйт:

  • жашыл түс гүлдөп-өсүүнү жана динамикалуу өнүгүүнү чагылдырат;
  • кызгылт көк түс компаниянын өз миссиясына жасаган олуттуу мамилесин жана мыкты болууга умтулууну билдирет;
  • боз түс атаандаштарга карата сый мамилени туюндурат.

Компаниянын расмий сайтын жана мобилдик тиркемесин өзгөртүү, ошондой эле мамлекеттик уюлдук байланыш операторунун кызматтар түркүмдөрүн жаңылап, жаңы сервистерди жана кызматтарды ишке киргизүү MEGA’нын трансформациясынын кийинки этабы болуп саналат.

Кыргыз Республикасында ISO 9001:2015 версиясынын тастыктоосунан биринчи болуп өткөн MEGA уюлдук байланыш оператору, салтка айланып калгандай эле, келе жаткан 2023-жылы түйүндүн камтуу аймагын кеңейтүү (алыскы аймактарга басым жасоо менен) жана кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу сыяктуу алгылыктуу пландарын ишке ашыра бермекчи.

MEGA − МЫКТЫНЫ ТАНДОО!






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: