7-декабрга карата аба ырайы тууралуу маалымат
Бүгүн, 7-декабрда өлкөнүн тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунун маалыматында айтылат.
Маалымдалгандай, айрым жерлерге туман түшөт. Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз -1…-6;
Талас жергесинде түнкүсүн -7…-12, күндүз -1…+6;
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн -1…-6, күндүз -1…+4;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз -3…+2;
Нарын облустарында түнкүсүн -10…-15, күндүз 0…-5;
Бишкекте түнкүсүн -7…-9, күндүз -1…-3 градус болот.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:46
2025-07-15

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.