super.kg logo

Жалил Садыковдун 90 жылдыгына арналган театр жумалыгы башталды

 

Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында Кыргыз ССРинин эл акыны, драматург, котормочу, Кыргызстандын гимнинин авторлорунун бири Жалил Садыковдун 90 жылдык мааракесине арналган театралдык жумалыктын расмий ачылышы болду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Аталган иш-чарага Жалил Садыковдун жубайы Сабира Чапаева, уулу Канат Садыков жана драматургдун жакындары, интеллигенция жана чыгармачыл чөйрөнүн өкүлдөрү катышты.

Ошондой эле мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Түмөнбай Колдошов, УТРКнын жетекчиси Кайрат Иманалиев, Кыргыз Эл акыны Акбар Рыскулов сөз сүйлөштү.

Министрдин орун басары өз сөзүндө Жалил Садыковдун кыргыз адабиятына, драматургиясына, иш-чара өтүп жаткан кыргыз драм театрына кылган эмгегине токтолуп, экинчи өмүрү дагы узак, кылым карыта жашай беришине тилектештигин билдирди.

Сөз алгандар Жалил Садыков тарыхты тирилтип, Айкөл Манасты баш кылып, Манастын уулу Семетей, Сейтекти, Ак Мөөр, Тоголок Молдо, Шабдан баатыр, Ормон хан, Бабур, Курманжан Датканы эгемендүү жылдарда кыргыздын тарыхын элине кайрып, сахна аркылуу кийинки муунга жеткирген калемгерлигин, 90-жылдардагы тартыштыктын айынан, спектаклдер коюлбай, көшөгө ачылбай турган убакта, өзү демөөрчү таап, репертуарлар менен камсыз кылган камкордугун баса белгилешти.

Ж.Садыков автор болгон "Манастын уулу Семетей" спектаклин борбордогу көрүүчүлөргө тартуулоо үчүн Ысык-Көлдөн атайын К.Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрынын чыгармачыл жамааты келген. Спектакль көрүүчүлөр тарабынан абдан жылуу кабыл алынды.

Эртең Ж.Садыковдун "Ак Мөөр" спектакли "Учур" мамлекеттик жаштар театрынын актёрлору тарабынан тартууланмакчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: