super.kg logo

Токторбаев прокуратуранын тергөө жүргүзүү функциясын алып салууну сунуштоодо

 

Прокуратуранын тергөө жүргүзүү функциясын алып салуу сунушталды. Жогорку Кеңештин "Ата-Журт-Кыргызстан" фракциясынан депутат Жеңишбек Токторбаев "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоорун иштеп чыгып коомдук талкууга койду. Бул тууралуу ал өзү Фейсбуктагы жеке баракчасына жазды.

Демилгечи мыйзам долбоорунун максаты прокуратура органдарынын тергөөнү жүргүзүү боюнча функцияларын алып салуу жана аларды ички иштер кызматкерлерине, улуттук коопсуздук органдарынын тергөөчүлөрүнө өткөрүү экенин белгилейт.

"Анткени колдонуудагы мыйзамдарга ылайык прокуратура органдары тергөөнү өздөрү жүргүзүп кайра тергөөнү жүргүзүү учурунда мыйзамдардын сакталышына көзөмөлдү өздөрү жүзөгө ашырат. Ошентип коррупциялык көрүнүштөр жана кызыкчылыктардын кагылышуусу үчүн мүмкүнчүлүк ачылып, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттин күч-аракеттери начарлайт", - дейт эл өкүлү

Депутаттын айтымында, укук коргоо органдарынын ишиндеги системалык кемчиликтер өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнө терс таасир этип, мыйзамдын үстөмдүгүн жана адилеттүүлүктү камсыз кылбай жатат, ошондой эле системанын ичинде, коомдо карама-каршылыктарды жаратууда.

Прокуратура органдарынан тергөө функцияларын алып салуу өлкө мыйзамдарынын жана башка ченемдик укуктук актыларынын так жана бирдей аткарылышын көзөмөлдөөгө шарт түзөт. Мындан сырткары жарандардын мамлекеттик институттарга болгон ишенимин кайтарууга жардам берет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: