super.kg logo

ЕЭК коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович Бишкекке келди

 

Евразиялык экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) жыйынына катышуу үчүн Бишкекке келди. Бул тууралуу ЕЭКтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалым болгондой, ЖЕЭКтин жыйыны 9-декабрда өтөт.

Эртең, 8-декабрда Михаил Мясникович министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен биргеликте Бишкек инвестициялык саммитинин ачылышына конок катары барат. Ошондой эле ал Евразиялык экономикалык комиссиянын иш алып барганына 10 жыл болгондугуна карата уюштурулуп жаткан илимий-практикалык конференцияга катышат.

Мындан сырткары, Михаил Мясниковичтин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен жолугушуусу пландалган.

Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) жыйыны өлкө башчысы Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында өтөт.

Ага Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Беларустун президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Орусиянын президенти Владимир Путин жана ЕЭК коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович катышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: