super.kg logo

Сеулда АСС'нин программасына катышкандарга сертификаттар берилди (фото)

 

Бүгүн, 7-декабрда маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Союзбек Надырбеков Кореянын Сеул шаарында 8-Дүйнөлүк лидердик жаштар программасынын (8th Youth Global Leadership program) катышуучуларына лекция өттү. Анда АСС программасынын Кыргызстандагы жүргүзгөн иш-аракеттери, адамдын өзүнө болгон ишеними, лидерлик сапат тууралуу маалыматтар корей тилинде айтылды.

Программага Таиланд, Монголия, Индонезия, Грузия, Филиппин жана Кыргыз өлкөсүнөн келген жигердүү жаштар катышууда. 2 күн бою, тагыраагы 6-декабрь жана 7-декабрда спикерлер тарабынан "Азия жана Корея", "Кореянын өнүгүү динамикасы", "Корея кечээ жана бүгүн", "Лидерликтин модулу", "Бизнес сунушту түзүү", "Лидерлик сапат" темаларында бир нече лекциялар өтүлдү. Окутуулар аяктаган соң уюштуруучулар тарабынан программанын ар бир катышуучусуна салтанаттуу түрдө сертификаттар тапшырылды. Сыйлоо аземине АСС'нин Кореядагы өкүлдөрү, Кыргызстандын Түштүк Кореядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Аида Исмаилова, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Союзбек Надырбеков, АСС'нин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Майсалбек Курбаналиев катышып, азем чакан концерттик программа менен коштолду.

Белгилей кетсек, программанын алкагында иш-чаралар 10-декабрга чейин уланмакчы.

Маалымат үчүн: "Азия кайрымдуулук борбору" (ASIA CHARITI CENTER) - билим берүү жана кайрымдуулук боюнча эл аралык уюм болуп саналат. Аталган уюмдун филиалдары Индонезия, Таиланд, Филиппин, Вьетнам жана Кыргызстанда бар. Фонд 2001-жылы Кореяда негизделген болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: