super.kg logo

Перунун президенти полиция тарабынан камакка алынды

 

Перунун президенти Педро Кастильо парламент ага импичмент жарыялагандан кийин полиция тарабынан камакка алынды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда

Маалыматка караганда, Педро Кастильо тополоң уюштурган жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелүүдө.

Өлкөнүн башкы прокурору Даниель Сориа Кастилього карата "коомдук тынчтыкка жана мамлекеттик башкарууга каршы кылмыш жасоо ыктымалдыгы" боюнча кылмыш иши козголуп жатканын билдирди.

Прокурордун айтымында, кызматтан алынган президент өз ыйгарым укуктарынан аша чаап, бийликке жана конституциялык түзүлүшкө каршы багытталган аракеттерди жасаган деп шектелүүдө.

Кастильонун кармалышынын алдында ага импичмент жарыяланып, Перу Конгрессиндеги 130 депутаттын ичинен 101и колдогон.

Перунун конституциясына ылайык мамлекет башчысынын милдетин вице-президент Дина Болуарте аткарат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: