super.kg logo

Ошто таштанды төгүүчү жайды рекультивациялоо боюнча пландуу иштер жүргүзүлүүдө

 

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов “Ош-Тазалык” адистештирилген муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгү, анын ичинде таштанды таштоочу жайдын абалы менен таанышты. Бул тууралуу Ош мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Калаа башчысы эски полигонду рекультивациялоо жана жаңы полигон куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча иштерди активдештирүү боюнча тапшырма берди.

Эскерте кетсек, учурда жаңы полигонду куруу жана эскисин рекультивациялоо маселеси боюнча ЕРӨБ консультанттары алдын ала долбоор даярдашкан. Документтердин пакети уруксат кагаздарын жана техникалык шарттарды алуу үчүн тиешелүү органдарга жөнөтүлдү.

Андан соң эскисин калыбына келтирүүгө жана жаңы таштанды полигонун курууга тендер жарыяланып, бул багытта бир убакта иш жүргүзүлө баштайт. План боюнча бул тендер келерки жылдын январь айында өткөрүлөт.

Жаңы полигондун жалпы аянты 24 гектарды түзөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: