super.kg logo

О! операторунан M2M-технологиялары бизнесиңизге жардам берет

 

Эгер автоунааңыз сигнализация менен, үйүңүз же кеңсеңиз видеобайкоо менен кайтарылса, анда О! операторунан «Акылдуу түзүлүш» тарифи Сиз үчүн абдан ыңгайлуу.

Бүгүнкү күндө М2М (машина аралык өз ара аракеттешүү) платформасындагы сервистерге өнөр жай өндүрүшү, логистикалык жана транспорттук кызматтар, банк, саламаттыкты сактоо тармактарында да суроо-талап абдан жогору экени баарыбызга маалым.

Эң экстремалдуу шарттарда иштөөгө жөнөмдүү атайы өндүрүлгөн, бышык М2М SIM-карталар вендингдик аппараттарда, акылдуу эсептегичтерде, кассаларда, газ казандарында, банкоматтарда жана башка көптөгөн түзүлүштөрдө активдүү колдонулуп келет.

Телематикалык сервистер жабдуунун иштөөсүн, транспорттун жана кызматкерлердин жүргөн жерлерин көзөмөлдөөгө, температура, ылдамдык, күйүүчү майдын сарпталышы ж.б. жөнүндө маалымат алууга мүмкүндүк берет. Технология убакыттын жана техниканы тейлөөгө багытталган каражаттардын үнөмдөлүшүн камсыздоо, ошондой эле аракетсиз токтоп калууларга жол бербөө аркылуу кирешенин көбөйүшүнө шарт түзөт.

Акылдуу түзүлүштөрдөгү бардык номерлерди башкаруу оңой эле. Ал үчүн «Мой О!» тиркемесиндеги «Менин номерлерим» тобуна аларды кошуп, ошол эле жерден баланстарын тешерип, зарыл болгон учурда «О!Деньги» капчыгы аркылуу толуктап турууга болот.

«Акылдуу түзүлүш» тарифин каалаган O!Store дүкөнүнөн кошуп алыңыз да, төлөөнүн өзүңүз үчүн ыңгайлуу вариантын тандаңыз:

  • бир айга (30 күнгө): 50 сом;
  • 3 айга (90 күнгө): 140 сом;
  • жарым жылга (180 күнгө): 280 сом;
  • бир жылга (360 күнгө): 490 сом.

Ар 30 күндө акылдуу түзүлүшүңүздөн төмөнкүлөр жеткиликтүү болот:

  • 200 МБ интернет, андан ары төмөндөтүлгөн ылдамдыкта акысыз чексиздик;
  • О! түйүнүндө 100 SMS;
  • О! түйүнүндө чалуулар үчүн 10 мүнөт.

Тариф тууралуу кененирээк маалымат m2m.o.kg сайтында.

Баалар КНС жана СС эсепке алуу менен коюлган. «О!Деньги» сервиси «Грин Телеком Сервис» ЖЧК тарабынан көрсөтүлөт. КРУБ №2021030817, №3022030817 лицензиялары.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: