super.kg logo

"Тамашоу" лигасынын 6-сезонунда "Фристайл" сынагы өтүүдө

 
"Вукинги" курама командасы
Бүгүн, 8-декабрда  Бишкек шаарындагы Спорт Ордосунда "Тамашоунун" 6-сезонунун чейрек финалы өтүүдө. Азыркы тапта командалар "Фристайл" сынагы боюнча таймашууда. “Вукинги”, “БГУ”, “Талас” "НКБ" жана "No Name" командалары мыкты тамашалары менен көрүүчүлөргө жакшы маанай тартуулашты. 
"No Name" курама командасы пародия менен баштады. 
- Э, не кыласың Лейлектеее?
-Эмне, Лейлекте иш жок бекен, пияз ото, сабиз ото
-Алып кетем Бишкекке
-Эмне, Бишкек чоң энеңдин үйүбү?
"НКБ" курама командасы: Айылдыктар Бишкекте.
- Жүрү, жеңемдин үйү 8-кабатта, лифтке чыгалы.
-Э, менин акчам жок да.
-Койсоңчу, ушул кантип болсун?
-Чын акчам жок.
-Мен кантип эле сени жолго калтырайын, мен төлөйм.
"No Name" курама командасы: Лифтте болгон окуя.
Кыз: - Мен 13-кабатка көтөрүлөм. Сиз кайсы кабатка чыгасыз?
Бала: - Мен 12-кабатка. Анда чогуу чыгалы.
Лифт токтоп калат.
Кыз: - Мен жардамга чакырайын,- деп баскычты басат.
- Алло, жардамга! Биздин лифт токтоп калды.
Үн: - Ай, ий, эмне болду экен? Сиз жалгызсызбы?
Кыз: - Жок, бир бала бар.
Үн: - Ошол баланы чакырыңызчы.
Бала: - Алло!
Үн: - Балам, кандайсың? Туулган кү-үнүң мееенен!





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: