Бишкекте милициянын формасын кийген 26 жаштагы жигит мас абалында кармалды
Бишкекте милициянын күрмөсүн кийип мас абалында ары-бери басып жүргөн жигитти кармашты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына борбор калаанын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, бүгүн, 9-декабрда эртең мененки саат 5:00 чамасында Чүй кең көчөсү менен Жаш Гвардия бульварынын кесилишинен милиция кызматкерлери мас абалында милициянын күрмөсүн кийген жигитти байкашкан.
Ал 26 жаштагы жаран экени аныкталып, тергөө кызматына жеткирилген.
Аталган окуя боюнча иликтөө иштери башталды.
Кармалган жаран формасын кайдан алганын милиция кызматкерлери аныкташат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.