super.kg logo

Бишкектеги саммит: Садыр Жапаров билдирүү жасады

 

Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) төрагасы, өлкө башчы Садыр Жапаров Бишкек шаарында өтүп жаткан ЖЕЭК жыйынынын жыйынтыгы боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарына билдирүү жасады.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө төмөнкүлөрдү белгиледи:

"Урматтуу мырзалар жана айымдар!

Бүгүн Бишкекте Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин быйылкы жылдын жыйынтыктоочу жыйыны өттү.

Биз соңку 3 жыл ичинде Биримдиктин актуалдуу маселелерин талкуулоо үчүн бетме-бет отуруп сүйлөшкөнгө жетиштик.

Жыйындын жыйынтыгында бир катар маанилүү чечимдерди кабыл алдык. Аларга учкай токтоло турган болсок, биз өнөр жай кооперациясын каржылоо үчүн негиз түздүк, Биримдиктин тиешелүү актыларын иштеп чыгууну тапшырдык.

Келерки жылга Евразия экономикалык биримдигинин эл аралык ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарын бекиттик, ошондой эле Бириккен Араб Эмираттары менен соода жаатында макулдашууларды түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоону чечтик.

Салыктык башкарууну жөнөкөйлөштүрүү жана электрондук кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө бизнес жүргүзүүнү жеңилдетүү боюнча бир катар иштер жасалгандыгын белгилеп кетейин.

Биз бүгүн Евразия экономикалык биримдиги жөнүндө Келишимге электрондук түрдө кызмат көрсөтүүдө кыйыр салыктарды алуунун тартибин аныктоо бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протоколго кол койдук.

Уюмдун алкагында Биримдиктин ички рыногундагы тоскоолдуктарды жоюу маселелерине өзгөчө көңүл бурулууда. Биз бүгүн аталган маселени дыкат талкуулап, бул багыттагы ишти күчөтүүнү макулдаштык.

Мындан тышкары, Биримдигибиздин ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу бир катар документтер бекитилди.

Кабыл алынган чечимдер өтө татаал шарттарда евразиялык интеграцияны бекемдөөгө олуттуу салым кошот деп бекем ишенем.

Келерки жылы Биримдиктин органдарына төрагалык кылуу Орусия Федерациясына өтөт. Мындай жоопкерчиликтүү миссияны аткарууда Орусия тарапка албан-албан ийгиликтерди каалайм".






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: