super.kg logo

Жогорку Кеңеш Гүлшайыр Садыбакасованын депутат тууралуу айткандары боюнча үн катты

 

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы Гүлшайыр Садыбакасованын депутат Аида Исатбек кызы боюнча айткандарына жооп берди.

Жогорку Кеңештин 7-декабрындагы жыйынында Аида Исатбек кызы Ош облустук филармониясынын жетекчиси иштебей жатканын, филармониянын абалы оор экенин айткан. Гүлшайыр Садыбакасова өз кезегинде маалымат туура эместигин, депутат анын беделине шек келтиргенин айтып, кечирим суроосун талап кылган.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирүүсүндө депутаттын Гүлшайыр Садыбакасовага карата жеке таарынычы жок экенин баса белгиледи.

"Жогорку Кеңештин депутаты элдин өкүлү катары калк тарабынан айтылган көйгөйлөрдү көтөрүп, алардын чечилишине көмөк көрсөтөт. Алсак, депутат Аида Исатбек кызы Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин Ош шаарындагы көчмө жыйынынын алкагында Р.Абдыкадыров атындагы филармониянын абалы менен жеринде таанышкан. Ага ылайык, аталган маданий жайдагы жагдай тууралуу парламентте кеп кылып, 22 жылдан бери башкарып келе жаткан жетекчилиги боюнча пикирин билдирген. Тагыраагы, ырдын пири Рыспайдын атын алып жүргөн филармониядагы шартты жакшыртуу менен маданий жайдын өнүгүшүнө өбөлгө түзүү максатында гана маселени көтөргөн. Депутат Аида Исатбек кызынын Г.Садыбакасовага карата мындан башка жеке таарынычы жок. Андыктан, айтылган пикирди туура кабыл алып, 22 жылдан бери жетектеп келе жаткан филармонияны өнүктүрүү жаатында жигердүү иш алып барат деген ишеничте.

Албетте, депутаттар бардык конструктивдүү сындарды угууга даяр. Калктын көйгөйүн көтөрүп чыгууда айтылган пикир айрым адамдарга жакпашы анык. Бирок депутат Аида Исатбек кызы өзүнө берилген ыйгарым укуктардын чегинде мамлекеттеги жана коомдогу көйгөйлөрдү ачык айтып, аларды чечүү багытында ишин жигердүү уланта берет", - деп жазылат Жогорку Кеңештин билдирүүсүндө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: