Оштогу бир көчө эки күнгө жабылды. Себеби?
Ош шаарындагы Санабар Бахапова көчөсү эки күнгө жабылды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.
"ОшМУнун медицина факультетине канализация тармактарын куруу иштерине байланыштуу 11-декабрдан баштап Санабар Бахапова көчөсүнүн (Юго-Восток кичи районундагы көпүрө) Ленин көчөсүнөн Исанов көчөсүнө чейинки бөлүгү 2 күнгө жабылат.
Автоунаа айдоочуларынан ушуга жараша алдын ала пландаштырууну суранабыз", - деп билдиришти шаардык мэриядан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:46
2025-07-15

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.