"Жүрөк жылыйт". Өзгөндөгү мал базарда унаасы өрттөнүп кеткен жаранга эл акча чогултуп беришти (видео)
Өзгөн шаарындагы мал базарда жүк ташуучу унаасы өрттөнүп кеткен жаранга базардагылар акча чогултуп беришти. Мындай видео социалдык тармактарга тарады.
Унаанын айдоочусун четте карап тура албаган жарандар ошол жерден баштыкка акча чогултуп баштаган.
"Унаа табылат байке, эл-журт жардам берет", - деп айтты чогулгандардын бири.
Базардагылар 100, 200, 500 айрымдары 1000 сомго чейин беришкен.
Кошумчалай кетсек, буга чейин 16-октябрда социалдык тармактарда Токмоктогу мал базарда 120 миң сом акчасын уурдаткан карыянын видеосу тараган. Анда аксакал мал базарга аш өткөрүү үчүн жылкы алганы келгендиги айтылган. Ага базарга келген башка жарандар 115 миң 500 сом чогултуп берген. Арасында карыяга топтолгон каражатты накталай бергендин ордуна жылкы сатып берүүнү сунуштап чыккандар да болгон.

