"Электр станциялары" ачык акционердик коомуна жаңы башкы директор дайындалды
"Электр станциялары" ачык акционердик коомунун жаңы башкы директору болуп Осмон Качкынбаев дайындалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган ишкананын басма сөз кызматы билдирди.
Осмон Качкынбаев ден соолугуна байланыштуу кызматтан кеткен Айбек Айдаралиевдин ордуна келди.
Жаңы башкы директор энергетика системасындагы эмгек жолун "Нарынгидроэнергокурулуш" ААКсында мастердин жардамчысы болуп иштөөдөн баштаган. Мурда “Электр станциялары” ААКнын Камбар-Ата-1 жана Камбар-Ата-2 ГЭСтеринде директор болуп иштеген.
Белгилей кетсек, "Электр станциялары" ААК Кыргызстандагы бардык электр энергиясынын 98 пайызын өндүрүүчү ишкана болуп саналат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:46
2025-07-15

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.