super.kg logo

"Бизнес үчүн Business" акциясынын жыйынтыгы

 

"Бизнес үчүн Business" акциясынын негизги жеңүүчүсү болуп Айнура Тогузбаева табылды.

2022-жылдын 1-мартынан баштап 31-октябрына чейин Бакай Банк юридикалык жактар жана жеке ишкерлер үчүн "Бизнес үчүн Business" акциясын өткөргөндүгүн эсиңиздерге салабыз. Аталган акциянын жыйынтыктары боюнча ай сайын ноутбуктар ойнотулуп турган, ал эми Айнура Тогузбаева негизги байгени – 999-сынамдагы бир килограмм таза күмүштү утуп алды! Биз аны бул утушу менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!

Айнура өз кубанычын биз менен төмөнкүчө бөлүштү:

“Бакай Банктан чалышып, күмүш куймасын утуп алгандыгым жөнүндө билдиришкени мен үчүн күтүүсүз болду. Ушул жылдын апрель айында мен ноутбук утуп алган болчумун, бирок баш байгени утуп алам деп ойлогон эмесмин. Биз фирма катары бир нече жылдан бери иштеп келебиз жана акыркы жылдары Бакай Банктын Visa Business картасын гана колдонобуз. Бул абдан ыңгайлуу: жеке сарптоолорду бизнес жүргүзүү боюнча сарптоолордон оңой эле бөлүп, бардык чыгымдарга байкоо жүргүзүп турса болот”.

Бакай Банк ата мекендик бизнести колдоо жана бүтүндөй Кыргызстанды өнүктүрүү үчүн банктык продуктуларды жүзөгө ийгиликтүү ашырып келет. Visa Business картасы кардарларыбыз үчүн ошондой ыңгайлуу инструменттердин бири болуп калгандыгы бизди кубандырат. Аталган продукт бир катар арыкчылыктарга ээ, алардын ичинде: саякатка чыккан учурда медициналык жана юридикалык колдоо көрсөтүү, дүйнөнүн эки жүздөн ашык өлкөлөрүндө арзандатуулар жана атайын сунуштар ж.б.

Акцияга катышуу үчүн кардарлар POS-терминалдарда же онлайн сатып алууларда төлөмдү Бакай Банктын Visa Business карталары аркылуу жүргүзүшкөн. Ай сайын карта боюнча эн көп төлөм жүргүзүшкөн кардарлар жеңүүчү болуп келишкен. Биздин Банк Visa Business ээлери үчүн мындай акцияны алгачкы жолу уюштурду. Биз мындан ары дагы кардаларыбызды ушуга окшогон акцияларды өткөрүү менен кубандыра бермекчибиз.

Жеңүүчүбүз сөзүн жыйынтыктап жатып: “Бакай Банктын өз кардарларын колдоого алуусу абдан кубандырат. Бакай Банкка өзүмдүн атымдан албан ийгиликтерди каалоо менен ушундай белеги үчүн ыраазычылык билдирем” – деди.

Бизнесиңизди биз менен бирге өнүктүрүңүз – ыңгайлуу, оңой жана пайдалуу!

Бакай Банк – сиздин ийгиликке жетүү жолуңуз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: