super.kg logo

Ак-Суу райондук электр тармагынын башчысынын орун басары Камчыбек Токбаев каза болду

 

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук электр тармагынын башчысынын орун басары Камчыбек Токбаев каза болду.

Токбаев Камчыбек Абдрасулович 1974-жылы 20-ноябрда Ысык-Көлдүн Түп районуна караштуу Тасма айылында жарык дүйнөгө келген. 1992-жылы Тасма орто мектебин аяктаган. Мектепте окуп жүргөндө райондук жана облустук деңгээлдеги предметтик олимпиаданын үч жолку жеңүүчүсү болгон. 1992-жылы физика сабагы боюнча республикалык олимпиадада 1-орунду багындырган.

Мектепти аяктаган соң, 1992-жылы Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Энергетика факультетине тапшырган. Аны 1997-жылы ийгиликтүү аяктап, “Инженер-электрик” адистигине ээ болгон.

Эмгек жолун 1997-жылы “Бишкекжылуулукэнерго” коммуналдык ишканасында “Инженер-электрик” кызматын аркалап баштаган. 1997-жылдан 2009-жылга чейин аталган ишканада “Инженер-электриктен” баштап, жетектөөчү инженер, Энергокызматтын башчысы өңдүү бир катар кызматтарды аркалаган.

“Бишкекжылуулукэнерго” ишканасынын алдында электротехникалык лаборатория түптөгөн. 2008-жылы Бишкек шаардык мэриясы тарабынан “Иштеги жетишкен ийгилиги үчүн” ардак грамотасы менен сыйланган.

2009-жылы Каракол “Жылуулук” ишканасына жетекчи болуп дайындалган. 2012-жылы “Түндүкэлектро” ААК ишканасынын сатуу бөлүмүндө инспектор болуп эмгектене баштаган. 2014-жылы “ Чыгышэлектро” ачык акционердик коомунун Каракол электр тармагынын башчысынын орун басары кызматына киришкен. 2015-жылдан тарта Ак-Суу райондук электр тармагынын башчысынын орун басары болуп эмгектенип келген.

Түп районунда улуттук “Көк-Бөрү” оюнунун өнүгүшүүнө өз салымын кошуп, колдоо көрсөтүп келген, ошондой эле Тасма айылын таза суу менен камсыздоого көмөк көрсөткөн.

Атасы Абдрасул Токбаев “Билим берүүнүн отличниги” наамы менен сыйланган. Апасы Эркингүл Алтынбекова эмгек сиңирген окутуучу, билим бенрүүнүн отличниги.

Үй-бүлөлүү, үч баланы тарбиялаган. Артында жубайы Асел Байсеитова, Ийгилик, Өмүрбек аттуу уулдары жана Адеми аттуу кызы калды.

SUPER.KG порталы Камчыбек Токаевдин каза болгонуна байланыштуу жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: