super.kg logo

Кыргызстан жана "Mubadala Investment Company" альтернативдик энергетиканы өнүктүрүү маселесин талкуулады

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бириккен Араб Эмираттарына болгон жумушчу сапарынын алкагында "Mubadala Investment Company" компаниясынын башкаруучу директору Хомад Аль Шиммари менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Жолугушууда Кыргызстанда альтернативдик энергетиканы, туризмди, курулушту, логистиканы, телекоммуникацияларды жана жогорку технологияларды өнүктүрүүгө ири инвестиция тартуунун келечеги талкууланды.

Министрлер кабинетинин башчысы республика эмираттык компаниялардын экономиканын бардык тармактарында орун алышына кызыкдар экендигин жана узак мөөнөттүү кызматташууга даяр экендигин белгиледи.

Өз кезегинде Хомад Аль Шиммари эки тараптуу мамилелерди өз ара кызыкчылык туудурган бардык багыттар боюнча өнүктүрүүгө даяр экендигин ырастады.

Маалымат үчүн: "Mubadala Investment Company" – Бириккен Араб Эмираттарында жана чет өлкөлөрдө активдердин жана инвестициялардын диверсификацияланган портфелин башкарган инвестициялык компания.

Компания негизинен жогорку технологиялар, телекоммуникациялар, энергетика, саламаттыкты сактоо, кыймылсыз мүлк, инфраструктура, билим берүү, илим тармактарында иш алып барат жана инвестициялайт жана дүйнөнүн 50дөн ашык өлкөсүндө өкүлчүлүгү бар.

"Мубадала" 243 миллиард долларлык активге ээ жана башкы кеңсеси Абу-Дабиде жайгашкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: