"Катар-2022": Ошто финалдык беттеш чоң экрандан көрсөтүлөт
Катарда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун финалдык беттеши Ош шаарында чоң экрандан көрсөтүлөт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, финалдык беттеш Ош шаарындагы Кыргызстан театрында чоң экрандан көрсөтүлөт. Кирүү акысыз. Ош мэриясы шаар тургундарын 4 жылда бир келүүчү эң чоң спорттук иш-чараны чоң экрандан көрүүгө чакырды.
Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун финалы 18-декабрь күнү Бишкек убактысы боюнча саат 21:00дө башталат. Финалдык беттеш Доха шаарындагы 89 миң көрүүчү бата турган "Лусаил" стадионунда өтөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:46
2025-07-15

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.