super.kg logo

Бишкекте 8 мектеп онлайн окууга өттү

 
Бишкекте 14-декабрдан тарта сегиз мектеп онлайн окууга өтөт. Буга курч респиратордук жугуштуу вирустар менен ооругандардын көбөйүп жатканы себеп болгон. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, борбор калаанын Ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору Билим берүү башкармалыгы менен биргеликте 50 мектепти кыдырып чыккан.
Жыйынтыгында № 6, 60, 28, 54, 59, 72, 95 жана 103 мектептерде сабакка келбеген окуучулардын саны 20 пайыздан ашкан. Мындан улам онлайн окууга өткөрүү чечими кабыл алынган.
Белгилүү болгондой, жыл башынан борбор калаада 78 656 респиратордук оорулар катталганын билдирди. Өткөн жылы ушул мезгилинде 78 268 адамдан оору аныкталган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: