super.kg logo

Кыргызстан менен Руанда дипломатиялык мамиле түздү

 

Кыргыз Республикасы менен Руанда Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелер орнотулду. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, дипломатиялык мамилелерди орнотуу жөнүндө биргелешкен коммюникеге 13-декабрда Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлү Аида Касымалиева жана Руанда Республикасынын Бириккен Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлү Клавер Гатете кол коюшту. Иш-чара Нью-Йорк шаарында өттү.

"Биргелешкен коммюникенин текстинде, тараптар Бириккен Улуттар Уюмунун уставын жана эл аралык укуктун принциптерин жана максаттарын, атап айтканда эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту урматтоону жана чыңдоону, мамлекеттер ортосундагы теңдикти, улуттук эгемендүүлүктү жана мамлекеттин аймактык бүтүндүгүн, көз карандысыздыкты тийиштүү түрдө урматтоону, эл аралык келишимдерди сактоону жана мамлекеттердин ички ишине кийлигишпөөнү жетекчиликке алып, дипломатиялык мамилелерди орнотушкандыгы белгиленет", - деп айтылат маалыматта.

Биргелешкен коммюникеге кол коюу аземинен кийин тараптар БУУнун жана башка эл аралык уюмдардын алкагында достук мамилелерди жана кызматташтыкты өнүктүрүү, ушул жылы БУУнун органдарына шайлоого кандидаттарды колдоо көрсөтүү боюнча ниеттерин билдиришти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: