super.kg logo

Кыргызстан боюнча жалпы 204 мектеп карантинге жабылды

 

Өлкөдө түзүлгөн эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу республика боюнча жалпы 204 билим берүү мекемеси каратинге жабылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Чүй облусунда – 32, Талас облусунда – 111, Ысык-Көл облусунда – 3, Жалал-Абад облусунда – 6, Ош облусунда – 12 жана Бишкек шаарында – 40.

Чүй облусу:

  • Панфилов району – 3
  • Жайыл району – 8
  • Сокулук району – 6
  • Аламүдүн району – 12
  • Ысык-Ата району –1
  • Кемин району – 2
  • Ысык-Көл облусу:
  • Каракол шаары – 3

Талас облусу:

  • Талас шаары – 10
  • Талас району – 30
  • Бакай-Ата – 23
  • Кара-Буура – 27
  • Манас району – 21

Жалал-Абад облусу:

  • Кара-Көл шаары – 6

Ош облусу – 12

Бишкек шаары – 8.

Министрликтен карантин учурунда окуу онлайн форматка өткөрүлөрүн кошумчалашты.

Саламаттык сактоо министрлигинин буйругунун негизинде Жергиликтүү санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борбору карантинге жабуу тууралуу бүтүм чыгарган мектеп жана бала бакчалар гана карантинге жабылат.

Белгилей кетсек, Кыргызстан боюнча 2 миң 357 жалпы билим берүү мекемеси бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: