super.kg logo

Ош шаарына 50 электробус алып келүү пландалууда

 

Ош шаарына 50 электробус алып келүү жана жаңы троллейбус линиясын ачуу пландалууда. Бул тууралуу калаа бийлиги маалымат таратты.

Анда айтылгандай, кечээ, 14-декабрда шаар мэри Бакытбек Жетигенов Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) колдоосу менен ишке ашырылып жаткан “Ош шаарынын электр коомдук транспортун модернизациялоо” долбоору боюнча Аткнис компаниясынын (Улуу Британия) консультанттары менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар аталган долбоорду ишке ашыруунун алкагындагы өз ара аракеттенүү маселелерин, ошондой эле мындан аркы эки тараптуу кызматташуунун келечегин талкуулашты.

"ЕРӨБ өкүлү Нургүл Кудранованын айтымында, консультанттар шаардын транспорт системасы, коомдук транспорттун иши менен таанышып, шаардын муктаждыктарын изилдешет. Бул иштердин жыйынтыгы менен Ош шаарынын коомдук транспорт системасынын ишин жакшыртуу боюнча сунуштар иштелип чыгат.

Бакытбек Жетигенов Ош шаарынын мэриясы бул долбоорду ишке ашырууда кызматташууга толук даяр экенин жана консультанттардын иштөөсүнө ар тараптан көмөк көрсөтө турганын белгиледи.

Аткнис компаниясынын директорунун орун басары Виктор Санчез Ош шаарынын калкынын өсүшүнө байланыштуу коомдук транспортту өнүктүрүү маселеси барган сайын актуалдуу болуп жатканын, андыктан консультанттардын жардамында бул долбоор көп жылдар бою натыйжалуу боло турганын кошумчалаган", - деп жазылат мэриянын маалыматында.

Белгилей өтсөк, Ош шаарынын электр коомдук транспортун модернизациялоо долбоорунун алкагында үчүнчү троллейбус линиясын ишке киргизүү, 50 электробус, 20 троллейбус сатып алуу, тиешелүү инфраструктураны, заряддоо станцияларын куруу иштери пландалууда. Долбоорго ылайык, бул линиянын узундугу бир тарапка 6,3 чакырымды түзүп, каттам шаардын калкы эң жыш жайгашкан Араванская, Кулатов, Анар, Ак-Тилек кичи райондору аркылуу өтөт.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
15.12.2022. 10:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жолду ондогула сначала
16.12.2022. 00:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун болмок
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: