super.kg logo

Азиз Мурадиллаев операциясы үчүн Түркиядан башка өлкөгө барат

 

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Азиз Мурадиллаевдин операциясы үчүн Түркиядан башка өлкөгө учуу чечими кабыл алынды. Мындай кадамга барууга актёрдун абалы кайрадан начарлап кеткени себеп болгонун коомдук ишмер Ассоль Молдокматова социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Азизге эжеси (тууганчылык боюнча төртүнчү муундун өкүлү) донор болот. Ал учурда тиешелүү анализдерди тапшырып жатат. Трансплантациядан кийин боор органимзмге жалгашып кетиши маанилүү. Донор болуп жаткан адам Түркияда тууганчылыгын ырастаган комиссиядан өтүшү зарыл. Ал 30-декабрда гана өтөт. Андан соң кайра клиникадан анализдерди тапшырууга туура келет. Күтүүгө убакыт жок. Азиздин абалы кайра начарлап кеткендиктен үй-бүлөсү кечээ башка өлкөгө учуп кетүү чечимин кабыл алышкан. Эгерде бүгүн алар органдардын толук шайкештигин тастыкташса, анда эртең же бүрсүгүнү учуп кетишет", - деп жазган ал.

Эске салсак, театр жана кино актёру Азиз Мурадиллаев жандандыруу бөлүмүнө түшкөнү боюнча маалымат 3-декабрда тараган болчу. Ал эми операция үчүн жалпысынан 45 миң доллар керек эле. Садыр Жапаров Эмгек сиңирген артисти Азиз Мурадиллаевдин дарылануусуна 42 миң доллар бөлүп берген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: