super.kg logo

Бир күндө 8 миңден ашык адам сасык тумоо менен ооруп калды

 

Акыркы сутка ичинде курч респиратордук вирустук инфекциянын (КРВИ) жана сасык тумоонун 8730 учуру катталды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдирди.

Белгиленгендей, мындай көрсөткүч 14-декабрга салыштырмалуу 11 пайызга төмөн. Тагыраагы, кечээ оорунун 9809 учур катталган.

Адистер акыркы учурда түзүлгөн эпидемиологиялык абалды эске алып, күн сайын мониторинг жүргүзүүдө.

"Саламаттык сактоо министрлиги эпидемиологиялык сезондо алдын алуу иш-чаралардын комплексин күчөтүү жана калктын арасында ооруну турукташтыруу максатында тобокелдик топтору бар жарандар (өнөкөт оорулары бар адамдар, балдар үйүндөгү жеткинчээктер, кош бойлуулар, медициналык кызматкерлер ж.б.) үчүн сасык тумоого каршы 130 миң дозага жакын вакцина сатып алган", - деп жазылат маалыматта.

Белгилей өтсөк, өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу 509 мектеп жана 164 бала бакча карантинге жабылды.












 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: