super.kg logo

БЛОГ: Мен көргөн Сеул (сүрөт баян)

 

Түштүк Кореянын Сеул шаарында 8-жолу өтүп жаткан Дүйнөлүк лидерлик жаштар программасына (8th Youth Global Leadership program) катышып, бир аптадай жүрүп кайттым. Бул аралыкта мени таң калтырган, суктандырган Сеул шаары тууралуу баяндап өтөйүн. Баса, Сеулда коронавируска каршы талаптар жоюла элек. Тагыраагы, көчөдө, коомдук жайларда бет кап тагынып жүрүү шарт. Анда сөз башынан болсун...

Алгач эле Инчхон аэропортунан чыккан соң заманбап, таза, анан ичинде адамдар аз кетип бара жаткан автобустарга көзүм түштү. Эми билесиздер да, Бишкекте маршруткага эптеп батып үйдөн жумушка, кайра жумуштан үйгө жетип жүргөн жаным тиги автобустарды суктанып эле карап калдым. Көп өтпөй бизди аэропорттон АСС'нин өкүлдөрү тосуп алып, Сеул калаасын көздөй алып жөнөдү. Жол катар ыңгайлуу, кенен салынган жолдор, жол жээгинде дарактардын көптүгү, корей калкынын теплицаларды иштетип жаткан процесстерине көзүм түштү.

Сеул - Түштүк Кореянын борбору. Дүйнөдөгү эң ири өнөр жай жана каржы борборлорунун бири. Бул жерде Samsung, LG, Hyundai, Kia жана SK корпорацияларынын башкы кеңселери жайгашкан. Сеулда 20 миңге жакын ишканалар иштейт. Экономиканын негизги тармактары: соода, машина куруу, телекоммуникация, электроника жана курулуш эсептелет. Калаада заманбап, асман тиреген имараттар, жогорку технологиялуу метролор, буддисттердин храмдары, тарыхый жайлары жана көчө базарлары бар.

Кореянын экономикасы, инфраструктурасы, билим берүү, тейлөө тармагы, адамдардын бири-бирине болгон ишеним, сыйлоо маданияты жогорку деңгээлде өнүгүптүр. Убакытка так келип, эрежелерди кынтыксыз аткарышат.

Сеулдун көчөлөрү таза, көрнөк-жарнактар иреттүү илингени калаанын көркүнө көрк кошуп турат. Шаарда эскирген, сынган же чийилип калган унааларды көрө алган жокмун. Баш калаада жаңы автоунаалардын жүрүшүнө гана уруксат берилет дешти. "Коопсуз шаар" калаадагы ар бир кыймылга байкоо салып турат. Мындан улам аталган шаарда жол кырсыктары аз катталат. Көзү азиз адамдар үчүн ар бир көчөдө, жолдо, метродо атайын белгилер коюлган. Ал эми Кыргызстанда мындай белгилерди жер алдындагы өтмөктөрдөн гана кезиктирүүгө болот.

Кечки Сеулдагы кечки базар

Калаада жашоо кымбат. Атүгүл, Сеул 2015-жылы The Economist Intelligence Unit тарабынан дүйнөдөгү эң кымбат он шаардын катарына кирген. Орточо маяна 2 миң доллардын тегерегинде болорун аталган шаарда эмгектенип жаткан мекендештерибиз кеп кылышты.

Кечки "Мёндон" базарын аралап, жакындарыма базарлык алдым. Сатуучулар ар бир кардарга ийилип учурашып, жардам берүүгө далалат кылып турушат экен. Сенин тандооңду сыйлап турганы өзгөчө жакты.

Метродо бош орундарга отурбаган корейлер

Метродо кары-картаңдар, кош бойлуулар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн атайын орундуктар жайгашкан. Ал жайлар бош болуп калган учурда дагы башка жарандар келип отурбайт. Мындан тышкары метрого алынган билеттер керектен чыккан соң сатып жиберүүгө болот. Ар бир метро станциясында ал үчүн терминалдар бар. Жарактан чыккан билетти терминалга салып, 500 вондуу (33 сомдун тегереги) болуп каласың.

Нан жебей, чай ичпеген корейлер

Корей калкында туура тамактануу маданияты өнүккөнүнө күбө болдум. Алар убакыт, сааты менен гана тамактанып, организмге пайдалуу жана витаминдерге бай азыктарды колдонушат. Нанды, майлуу тамактарды жегенин көрө алган жокмун. Кыргыз эт, беш бармак жеп, чайды ар бир тамак менен кошо ичип көнгөн калк эмеспизби? Бир апта бою тек гана корей ашканасынан тамактанып, кыргыз ашканасын сагынууга мүмкүнчүлүк болду. Ошого карабай тамактары пайдалуу болгондуктан күн бою өзүңдү жеңил сезип жүрүүгө болорун биле алдым.

Салыштырып айта кетсем, күрүчтү корей эли нандын ордуна колдонот десем жаңылышпайм. Тамактын кайсы гана түрү болбосун күрүч кошулат же жанына коюлуп берилет. Ар бир тамакта деңиз азыктары, тоок эти, жашылчалар, түрдүү татымалдар кошулат (ред.: алар ачуу калемпирди көп колдонушат). Баса, алар чайды дээрлик ичишпейт. Тамактанып бүткөн соң кайнатылган суу (кипяток) же таза суу ичип алышканын көрдүм. Мындан тышкары кофени көп ичишери, суук мезгил экенине карабай муздак суусундуктарды көп колдонушканы айтылды.

Баса, Инчхон аэропортундагы тамактануучу жайлардын биринде робот официанттын тейлөөсүнө да туш болдук.

Таштанды салган урналар коюлбаган, бирок тазалыгы суктандырган көчөлөр

Алгач барган адамга Сеул шаарынын тазалыгы, иреттүүлүгү жагары анык. Кызыгы, шаар көчөлөрүндө таштанды салуучу контейнерлердин коюлбаганы. Ар бир жаран таштандыны үйүнө ала барып, иргеп (Мисалы, бөтөлкөнү алалы. Анын капкагын өзүнчө, наклейкасын башка жана бөтөлкөнү өзүнчө бөлүп) андан соң гана таштанды чыгарылат. Бул бизге зеригиштүү көрүнгөнү менен корей калкы буга эбак эле көнүп калган. Атүгүл, мындай жагдай алар үчүн салт болуп калгандай элес калтырды... Ал эми туристтер көп барган Кёнбоккун, Сеул мунарасы сыяктуу жайларга атайын таштанды салуучу урналар коюлган. Бирок бул жерде дагы таштандыны иргеп гана салуу шарт.

Сеулдагы эң кымбат жемиш

Сеул шаарынын көчөлөрүн аралай басканда мөмө-жемиштер сатылган павилондорго туш болосуң. Анда сатылган жемиштер Кыргызстандагы мөмөлөргө салыштырмалуу көлөмү жагынан чоң экенин байкадым. Алма, кулпунай, лимон, атүгүл жүзүмдөрү дагы ири көлөмдө. Кызыгы, бул жерде эң кымбат жемиш жүзүм эсептелет. Анын баасы 12 миң вондун (800 сомдун айланасында) тегерегинде болот. Жүзүм корейлердин ата мекендик өндүрүшү болуп эсептелет. Демек, аларда жергиликтүү өндүрүштүү колдоо жогорку деңгээлде өнүккөн.

Автобус менен таксиге эки башка аялдама

Сеул шаарында автобус жана таксилер үчүн эки бөлөк аялдамалар бар. Бул жүргүнчүлөр үчүн да, айдоочулар үчүн дагы бир топ ыңгайлуу болору бышык. Аялдамаларды кантип айырмалай алабыз деп турсаңыз керек. Ал маселе дагы чечилген. Тактаганда, ал жерлерде атайын белгилер (таксинин жана автобустун) сүрөтү көрсөтүлгөн. Ошондой эле такси үчүн аялдама автобустукуна караганда кичине. Бардык аялдамаларда акысыз Wi-Fi иштейт. Мындай шарт мага окшоп шаарга алгач баргандар үчүн эң сонун көрүнүш.

1-сүрөт автобус үчүн, 2-сүрөт таксилер токтой турган аялдама.

Дарактар кулап калбасын деп...

Корейлер жашоого ыңгайлуу шарттарды түзүү жагынан алдына камчы салдырбаган калк болорун алардын ар бир жасаган ишинен билсе болот. Адамдарга гана эмес, дарактарга дагы кам көрүшкөнүн көрүп көз кубанат. Шаар көчөлөрүндө өскөн дарактарды шамалдан (Сеулда шамал көп болуп турат) кулап калбашы жана түз өсүшү үчүн ар биринин түбүнө түркүк орнотуп коюшкан. Муну көрүп, Бишкекте катуу шамал болордо ар дайым "урматтуу тургундар, унааларды дарактардын алдына койбогула" деген эскертүү жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу айтылганы эске түштү. Ага карабай өлкөдө дарактардын кулашынан унаалар зыянга учураган фактылар катталып турат эмеспи. Корейлердин дарактарга көргөн камкордугу мактоого татырлык жана мындай ыкманы өлкөдө колдонуп көрсө болчудай...

Дарактарга колдонулган мындай ыкма дыйканчылыкта кеңири колдонуларын 3 жылдан бери Инчхон шаарында жашап, эмгектенип жаткан мекендешибиз Темирбек Бегетов айтып берди. Ошондой эле ал сөзү кур болбошу үчүн жаз мезгилинде шабдалы талаасында тартылган видеону да сунуштады.

Кезинде императорлор жашаган Кёнбоккун

Кёнбоккун - Сеулда жайгашкан тарыхый жайлардын бири. Аталган сарай 1394-жылы курулган. Ал учурда Чосон династиясынын негизги жана эң чоң сарайы болуп, анда падышанын үй-бүлөсү жашаган. Азыр сарай ачык асман алдындагы музейге айланган. Аны көрүү үчүн дүйнөнүн ар бир бурчунан туристтер агылып келишет.

Байкоолорумда корей калкы кайсы тармакта, жайда болбосун минимализмди колдонушат. Тамактануучу жайлары, жада калса анын ичиндеги столдору дагы чакан. Ички жасалгасы жөнөкөй. Бирок кардарлар үчүн ыңгайлуулук бар. Буга чейин ЖМКлардан Кореяда ууру деген түшкө кирбейт дегендерди окуп калчум. Чындыгында эле бир апта болсо да "капчыгына сак бол" деген ойдон алыстай түштүм.

Кечки Сеул

Жыйынтыктап айтканда, Сеулдагы ар бир күнүм жаңылыктарга, жагымдуу эмоцияларга бай болду. Бул үчүн АСС "Азия балдарына камкордук" фондунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнө ыраазычылык билдирем!


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: